Бишкек автоунаа-жол колледжинде адамдардын үстүнө түшкөн асма шам. Окуянын чоо-жайы

Кусейин Көлбаев атындагы Бишкек автоунаа-жол колледжинде адамдардын үстүнө асма шам түшүп кеткен. Бул тууралуу журналист Өмүрбек Сатаев соцтармактагы баракчасына жазып, сүрөт менен бөлүштү. Бул окуя боюнча колледждин администрациясы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

«Бүгүн, 13-сентябрда окууга жаңы тапшырган студенттер менен ата-энелердин уюштуруу-тааныштыруу чогулушу башталар алдында Бишкек автоунаа-жол колледжинин жыйындар залында кырсык болду. 6-8 килограммга жакын салмактагы асма шам кулады. Асма шам кулап түшкөн жерде, бактыга жараша, эч ким жок болчу. Асма шам кулап түшкөндө анын чачырандысынан студенттин жакыны жана окууга жаңы тапшырган студент жеңил жаракат алышты. Жаракат алгандарга дароо алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Аларды бейтапканага жаткыруу талап кылынган жок. Ушул тапта колледжде кырсыкты териштирүү боюнча комиссия түзүлдү. Кырсыктын себептери жана жооптуу адамдар аныкталып жатат», — деп айтылат маалыматта.