«Бишкек баатырдын куру Тойотанын эмблемасына окшош…». Бүгүн ачылышы болгон эстелик соцтармактарда кызуу талкууда

Бүгүн баш калаада Бишкек баатырдын эстелиги ачылып, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан. Көп өтпөй эле социалдык тармактын колдонуучулары бул эстеликти кызуу талкууга ала башташты. Тактап айтканда, соцтармактын колдонуучуларынын айрым бөлүгү Бишкек баатыр президент Садыр Жапаровго окшош жасалып калганын айтышса, айрымдары анын куру унаа чыгаруучу Тойотанын эмблемасына окшошуп калганын айтышууда.