Бишкек-Балыкчы каттамына жаңы ВИП вагон ишке киргизилди

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Бишкек-Балыкчы-Бишкек жүргүнчүлөр каттамы үчүн кезектеги ВИП вагонун ишке киргизүү тууралуу маалымдайт. Жаңы ВИП вагон мурунку вагонго окшоштурулуп жасалган, бирок саякатты мурункудан да ыңгайлуу жана жагымдуу кыла турган бир катар дизайнердик инновациялар жана жакшыртуулар менен толукталган.

Инновациялары жана жакшыртуулары:
• ВИП вагондо тамак-аш жана суусундуктар сактала турган муздаткыч функциясы менен заманбап бар-стол орнотулган;
• вагондо жүктөрдү сактоо үчүн ыңгайлуу чечим – отургучтардын астындагы орундук. Эми жүргүнчүлөр жүктөрүн отургучтардын астына сактай алышат;
• +40ка чейинки температурада дагы ыңгайлуулукту камсыз кылган панорамалык терезелер жана кубаттуу кондиционерлер жабдылган;

• жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн вагон видеобайкоо тутуму, ал эми жагымдуу саякат үчүн стереотутум жана телевизорлор менен жабдылган.

Бул жылы Бишкек-Балыкчы-Бишкек поездинин каттамынын айырмалоочу өзгөчөлүгү — анын курамына вагон-генераторду киргизүү болуп саналат. Бул вагон 600 кВт кубаттуулукка эсептелген 40 вагонго чейин электр энергиясы менен камсыздай алат (бир вагондун орточо керектөөсү болжол менен 10-15 кВт).

Вагондо ар бири 300 кВт болгон эки даана генератор орнотулган. Эгерде бир генератор иштебей калса, экинчи генератор автоматтык түрдө электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кыла баштайт.

Бүгүн, 12-июнь күнү «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын комиссиясы ишкананын башкы директордун биринчи орун басары — башкы инженери Роман Спасскийдин жетекчилиги астында жаңы ВИП вагон жана вагон-генераторду сыноодон өткөрдү. Натыйжада бардык тутумдардын, анын ичинде генераторлордун жана вагондун электр компоненттеринин мыкты иштешин тастыкталды.