Бишкек-Балыкчы поездинин каттамы сентябрда токтойт

Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы № 608/609 республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы эртең, 1-сентябрдан баштап токтойт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тагыраак айтканда, июнь айынан 31-августка чейин каттам иштейт. Аталган каттам 2024-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат.