Бишкек жана Чүйдө туман түшүүсү күтүлүүдө

Бишкек жана Чүйдө туман түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Жакынкы 3 саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө туман түшүшү күтүлүүдө. Туман түшүүдөн көрүү аралыгы 500 метрге чейин төмөндөйт. Андыктан айдоочулар унаалардын ортосундагы аралык сакталышы зарыл», — деп айтылат маалыматта.