Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Административдик-аймактык реформанын негизги максаты региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде айыл аймактарында жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкарууда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, калктын бакубаттуулугун камсыздоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын учурдагы административдик-аймактык түзүлүшү башкаруунун төрт деңгээлдүү системасына негизделген: республикалык, облустук, райондук жана айыл аймактары жана шаарлар. Өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктери 7 облустан, 40 райондон, 32 шаардан, анын ичинде 2 республикалык маанидеги шаардан жана 452 айыл аймагынан турат.
Республика боюнча 452 айыл аймагынан 62 айыл аймагы бир гана айылдан турат, аларда калктын саны 148ден 10 870 адамга чейин түзөт. Ошол эле учурда өлкөнүн айрым райондорунда курамына он жана андан ашык айыл кирген айыл аймактары бар.
Өлкөдөгү мындай кырдаал айыл аймактарынын, шаарлардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну жана заманбап башкарууну уюштурууну талап кылат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында бүткүл өлкө боюнча пилоттук режимде айыл аймактарын жана шаарларды ирилештирүү/оптималдаштыруу боюнча административдик-аймактык реформанын биринчи этабын ишке ашырууну милдеттендирет.
Пилоттук режимде ишке ашырылып жаткан Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жана Нарын облусундагы административдик-аймактык реформанын оң натыйжалары региондорду өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктарды жана башкаруу деңгээлдеринин ортосундагы ажырымдарды жоюуга, региондор аралык байланыштарды жакшыртууга, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жолу менен региондордо калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталып тандалган саясаттын туура экендигин ырастайт.
Административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча эл аралык тажрыйба да кыйла жогорку потенциалга ээ региондук борборлордун айланасында административдик-аймактык бирдиктерди бириктирүү региондун социалдык-экономикалык абалына, маданиятына, соода байланыштарына жана калктын өз ара мамилелерине олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келерин көрсөттү.
Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде бириктирилүүчү айыл аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн Министрлер Кабинети тарабынан айыл өкмөттөрүнүн жана айылдык кеңештердин ишин оптималдаштуруу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
Административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу калктын жана жергиликтүү кеңештердин жактыруусу менен өтүүдө, аймактардын деңгээлинде башкаруу системасын оптималдаштыруу башкаруунун санариптик методдорун колдонуу менен жүргүзүлүүдө.