Бишкек жана Ошто коомдук транспорт Айт намазга элди бекер ташыйт

Майрамдык айт намазга саат 5:30дан 11:00гө чейин муниципалитеттин автобус жана троллейбустары жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Жол тыгынын болтурбоо үчүн айт намазга коомдук транспорт менен барууну сунушталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.

Ош мэриясынан да Курман айт майрамына карата шаардагы троллейбустук каттамдар 16-июнь күнү жүргүнчүлөрдү акысыз тейлей турганын маалымдашты.