Бишкекте Жаңы жыл майрамында лазердик шоу көрсөтүлдү

31-декабрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрамдык концерт болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Шаардыктарды жана конокторду Жаңы жыл майрамы менен маданият башкармалыгынын солисттери, чыгармачыл жамааттары жана эстрада жылдыздары куттукташты. Жаңы 2024-жылды башкы аянтта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, мэрдин орун басарлары, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери тосуп алышты.

Иш-чарада борбор калаанын мэри көркөм чыгармачылык сынагына катышкан Чынарбек кызы Назгүлгө 500 миң сомдук сертификат тапшырды. Майрамдын кульминациясы укмуштуудай лазердик шоу болду.