Бишкек ЖЭБде чын эле авария болгонбу? ЖЭБдин жообу

Кечээ ЖЭБдин №4 блогу бузулуп, 2 насосу иштен чыгыптыр. Кудай берип, күн жылуу болуп бул авария боюнча маалымат жок болуп жатат, деди бүгүн, 21-январда депутат Бактыбек Турусбеков.

“Бул боюнча маалымат бүгүн да чыккан жок. Бул чечимди техникалык жактан ЖЭБди көбүрөөк иштетели деп чечкен да. Кудай берип, күн жылуу болуп бул авария боюнча маалымат жок болуп жатат. Бул боюнча ЖЭБдин жетекчисине жеткирип койсоңуз”,  — деди депутат.

Бул боюнча ЖЭБдин жетекчилигине кайрылганыбызда, чындыгында эле 19-январда Бишкек ЖЭБдеги №4 блоктун бузулганын айтышты.

“Буга байланыштуу 4-агрегаттын көмөкчү жабдууларын калыбына келтирүү жана себептерин тактоо үчүн бул блок иштеп жаткан жабдуулардан чыгарылды. Резерв бар болгондуктан, жүктү башка блокторго бөлүштүрүп беришкен”, — деп айтылат маалыматта.

Алардын айтымында, бул жылуулук жана электр энергиясын өндүрүүгө эч кандай таасирин тийгизген эмес. Бишкек ЖЭБ адаттагыдай эле иштеп жатат.

Керектөөчүлөрдү жылуулук жана энергия менен камсыздоодо эч кандай үзгүлтүк болгон эмес.

Мындан тышкары, бул ишти авария деп атоого болборун, учурда көмөкчү жабдууларды калыбына келтирүү убактысы такталып жатканын билдиришти.