Бишкек ЖЭБде жабыркаган 2 адам Түркиядагы клиникага которулат

Бүгүн, 3-февралда Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Голджук” ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келди.

Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо тактикасын жана дайындалган дарылоону карап чыгышты, ошондой эле анын жыйынтыгы менен дарыгерлердин кеңешмесин өткөрүштү.

Этем Өзтүрк эки бейтаптын абалы оор экенин, бирок алар аң-сезимдүү экенин, реакция билдирип, суроолорго жооп берип жатканын белгиледи. Алардын абалын эске алсак, дарылоо узакка созулат, ошондуктан катуу күйүк алган бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн адистештирилген ооруканада дарылоо натыйжалуу болоорун белгилей кетүү керек. Ал эми үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу.

Кеңешменин жыйынтыгында эки жабырлануучуну андан ары дарылоо үчүн Түркиядагы адистештирилген клиникага которуу чечими кабыл алынды.