Бишкек ЖЭБдеги авария. Өзбекстан Кыргызстанга гумжардам катары газ баллондорду жөнөттү

Бишкек ЖЭБдеги кырдаалга байланыштуу Өзбекстан Кыргызстанга суюлтулган газ баллондорун жөнөттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 3-февралда Өзбекстандан гуманитардык жардам катары 9 ИСУЗУ жүк ташуучу унаасы менен 1 миң газ баллон «Бек-Абад» автожол посту аркылуу Жалал-Абад шаарына кирди. Учурда жүк Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кампасына жыйналып, ал жерден Бишкекке жөнөтүлөт. Жүктү Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директорунун капиталдык курулуш иштери боюнча орун басары кабыл алды.