Бишкек ЖЭБдеги авариядан жабыркагандар жалпы палатага которулат

27-февралга карата Бишкек ЖЭБиндеги авариянын жана аскердик тик учактын кыйрашынын кесепетинен жабыркаган Кыргыз жарандарынын Түркияда тиешелүү дарылануудан өтүп жаткандардын абалы туруктуу.

Түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда. Тик учактын кулашынан жабыркаган эки Кыргыз жараны пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү дарылоону жүргүзүп жатышат.

«Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта болуп, ошондой эле бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Аталган маселе Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө турат», — дешти.