Бишкек ЖЭБдеги жарылуу көмүр майдалаган тегирменден чыкканы айтылды

Жарылуу өтө чоң масштабда болуп, терезенин айнектери, чатырдын туникелери жүздөгөн метрге чейин учкан. Бул тууралуу ӨКМ башчысынын орун басары ЖЭБдеги авария боюнча айтып жатып, «Биринчи радиодо» билдирди.

«14-от казандын жанында көмүр майдалап, от казанга чачып бере турган тегирмен болгон. Жарылуунун очогу ошол жерден табылды”, — деди ал.

Ал ошондой эле учурда жарылуунун себептерин аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, буга чейин Бишкек прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгонун билдирди.