Бишкек ЖЭБдеги жарылуудан жабыркагандар Түркияга жөнөтүлүшү мүмкүн

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов менен биргеликте тез жардам ооруканасында дарыланууда жаткан ЖЭБдеги кырсыктан жаракат алган 3 кызматкеринин абалы менен таанышып, жабырлануучулардын жакындары менен жолугуп, баарлашты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча министр Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышып, Түркиянын мыкты комбустиологдорунун бири, профессор Корай Даш менен онлайн консультация өтүп, анда жабыркагандарды дарылоонун тактикасы талкууланат. Ошондой эле 3-февралда түркиялык эки адистин келиши күтүлүүдө, алар жергиликтүү адистер менен биргеликте жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүшөт. Зарыл болгон учурда жабырлануучулардын транспорттоо мүмкүнчүлүгү каралып, аларды андан ары дарылоо үчүн Түркияга жөнөтүү каралат»,- дешти.