Бишкек ЖЭБдеги кырсыктан жабыркагандардын абалы айтылды

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепетинен жабыркагандардын абалы тууралуу айтып берди. Алардын айтымында, бейтаптардын абалы туруктуу жана оор, дарылануу уланууда.

2-февралга караган түнү Бишкек Жылуулук электр борборунда авария катталган. Жалпысынан 5 адам жабыркап, алардын экөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлүп, ооруканага жатуудан баш тартышкан. Ал эми үчөө күйүк алып, ооруканада.