Бишкек ЖЭБге импорттолгон көмүрдүн биринчи партиясы келип түштү

иллюстрация

Бишкек ЖЭБге 1-класстагы көмүрдүн биринчи партиясы келди.Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКтан билдиришти. 

Жүк Кара-Жыра кенинен чыккан жогорку калориялуу 25 вагон көмүрдөн турган. Жалпысынан, келишимге ылайык, 2022-жылдын апрелине чейин 643 миң тонна көмүр жеткирилет.

«Бишкек шаарынын ЖЭБи өлкөнүн түндүгүндө электр энергиясын өндүрүүнүн бирден-бир негизги булагы болуп саналат. Көмүр сатып алуудан тышкары, бардык керектүү оңдоо жана даярдык иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.