Бишкек ЖЭБиндеги авария: Мектептер жана бала бакчалар эртең да онлайнда болушат

Мектептер жана бала бакчалар эртең да онлайнда болушат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

6-февралга чейин Бишкек мэриясынын билим берүү департаментинин буйругунун негизинде борбордун бардык мектепке чейинки жана муниципалдык билим берүү уюмдары онлайн окутууга өткөрүлгөн.

Билим берүү министрлиги билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө карабай, автономдуу эркиндик берет. Эгерде бөлмөдөгү жылуулук 18 градустан жогору болсо, анда окуу жайдын жетекчилиги өз алдынча чечим кабыл ала алат.