Бишкек ЖЭБинин насостук станциясында суу кууруна байланыштуу кырсык катталды

Кечээ, 25-декабрда Бишкек ЖЭБинин насостук станциясында суу кууруна байланыштуу кырсык катталды. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынан маалымдашты.

Жумушчулардын тез арада көргөн чараларынын жыйынтыгында суунун атылып чыгышы токтотулган. Штаттык режим бир сутканын ичине калыбына келет. Электр жана жылытуу нормада. Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат.