Азыркы тапта 100дөн ашык прожекторлор орнотулду. Алдыда дагы 1000ге жакыны жаңыланат. Жумуштар прожекторлор заводдон алынып, келип түшкөнүнө жараша улантылып, ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин жыйынтыкталары мерчемделүүдө. Ошондой эле, Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун 22-чакырымына (Гавриловка айылы) жөө адамдар өтүүчү жол чырак орнотулуп, жолдун 15,9-37,9-чакырымдар аралыгында тазалоо иштери жүрүүдө. Мындын тышкары, Сокулук районуна караган Асыл-Баш айылынын Дөөлөт атындагы көчөсүнө (1 чакырым) асфальт төшөлүп, иштер жыйынтыкталды.
Буга чейин №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Александровка-Асылбаш жолунун 3 чакырымы, Беш-Корук айылынын Маке көчөсү (870 м), Сокулук айылындагы оорукананын аймагы жана Арчалы айылындагы 3 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.