Бишкек-«Манас» аэропорту унаа жолунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетишти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 19-августта болжол менен саат 20:30 чамасында болгон. Бишкек — »Манас» аэропорту жолунун 24-чакырымында жөө жүргүнчү парапеттен секирүүгө аракет кылган, аны Honda Stepwgn унаасы сүзүп кеткен. Жөө адам жеринде каза болгон. Учурда кырсыктын чоо-жайы териштирилип жатат.