Бишкектеги мектептер кайра карантинге жабылабы? Мэриянын жообу

Бишкек мэриясы ооруп жаткан балдарды мектепке жана бала бакчаларга жибербөөнү суранат. Бул тууралуу борбор шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө сасык тумоонун көбөйүшү байкалууда. «Вирустук инфекциялар өтө жугуштуу жана аба аркылуу бат жугат. Бала же чоң киши чүчкүрөт — жана башкаларга жугушу ыктымал. Андыктан ооруп жаткан балдарды мектепке, бала бакчаларга жибербөөнү суранабыз», — деди ал. 

Ал мындан тышкары, билим берүү мекемелерин онлайн режимине өткөрүү жөнүндө сөз болбой турганын билдирди. «Балдардын салттуу форматта билим алуусу үчүн бардык чараларды көрөбүз», — деди ал.