Бишкек менен Чүйдө жакынкы 3 саат аралыгында туман түшөт

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы 3 саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө туман түшүшү күтүлүп, көрүү аралыгы 500 метрге чейин төмөндөйт.

«Урматтуу айдоочу! Жолдо ылдамдыкты азайтып, унаалар ортосундагы аралыкты сактаңыз», — дешти.