Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мындан улам ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат:
- унааңызды бак-дарактын, имараттын жанына токтотпоңуз;
- электр чубалгыларынан алыс болуңуз.
Кырсык катталганда «112» номерине байланышыңыз.