Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Табигый кубулушка кабылган учурда коопсуз жайларда болуп, кырсык катталса же күбөсү болсоңуз, «112» кызматына чалууну унутпаңыз», — дешти.