Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүп жатат

Бүгүн, 7-мартта жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал. ӨКМ тургундарга жана айдоочуларга коопсуздуктун алдын алып, сак болуусун эскертти.