Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүп жатат

Жакынкы 3 саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Мындай учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз «112» кызматына билдириңиз.