Бишкек менен Оштун балатылары быйыл тирешпейт

Көп жылдардан бери келе жаткан Бишкек менен Оштун балатыларынын тиреши быйыл болбойт.

Буга чейин Бишкек мэриясы пандемияга жана акча жоктугуна байланыштуу балаты эски эле жасалгалар менен кооздолорун, жаңы жылдык концерт өткөрүлбөй, салют да аттырылбай турганын билдирген.

Ушундай эле чечимди Ош мэриясы да кабыл алды. “Быйылкы жылы Жаңы жылды майрамдоого акча каражаты бөлүнбөй турган болду. Балаты эски эле жасалгалар менен кооздолот. Концерттик программа да болбойт. Жаңы жылдык корпоративдерге тыюу салынат” дешти Ош шаар башкармалыгынан.