Бишкек мэри 100 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусуна барды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ардагерлерге барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эмилбек Абдыкадыров Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Асек Урманбетовдун үйүнө барды.

Асек Урманбетов 1923-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында туулган. Майданга 1943-жылдын июнь айында кирген. Ал согушта Украинада, Беларуста, Балтика боюнда жүргөн. Быйыл 100 жашка толду.