Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги теректер кыйыларын пресс-тур учурунда билдирди.
Анын айтымында, изилдөөлөр жүргүзүлүп, чечимди мэрия гана кабыл алган эмес. Талкуу Ботаникалык бак, Токой институту жана Илимдер Академиясы менен биргеликте өткөн.
«Жалпысынан Айтматов проспектисинин боюнда 1400 терек бар. Биринчи этапта 200 түп теректи кыюу пландалууда. Изилдөөнүн алкагында теректер үчүн стандарттык чек коюлган — 40-45 жыл. Бул теректер 1972-1975-жылдары тигилген. Мөөнөтү бүттү, алар кооптуу. Ишти башташыбыз керек», — деди мэр.