Бишкек мэри ардагер Асек Урманбетовго тез арада батир берүү милдетин койду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга маселени чечип, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовго тез арада батир берүү милдетин койду. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Асек Урманбетов — 1923-жылы туулган, II топтогу майып. Украинанын жана Белоруссиянын ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Эки согушкер менен ал немистердин 76 унаасын ар кандай жүктөрү менен кармаган. Жеңиштин урматына «Ата Мекендик согуш», «Кызыл Жылдыз» ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда Даңк медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарбасындагы өндүрүш кооперациясында башкы бухгалтер, ревизор болуп эмгектенген. Акын жана жазуучу. Ал “Ак жол” коомдук фондунун президенти катары карыларга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк жардам көрсөткөн. 6 баласы жана 68 небере-чөбөрөсү бар.