Бишкек мэри аянттагы тууну түшүрүп, нурларын санашканын айтты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Ала-Тоо» аянтында илинип, нурлары талкуу жараткан туу боюнча ЭлТР каналына үн катты.

«Мыйзам кабыл алынган. Тууну илип жатканда мыйзам чегинде, тартип менен илинген. Тууну даярдап жатканда кантип эле мыйзамга каршы келгенин илебиз? 40 нуру толугу менен бар. Активисттер упай топтойбуз деген максатта жалган маалымат тараткан. Эгер алар бизге кайрылганда, так жообун бермекпиз. Маалымат туура эмес экенин өзүлөрү деле билген. Талкуу болгондуктан тууну түшүрүп, тартып, элге эсебин чыгарып, аныктап, далилдеп, видеону тараттык»,- деди ал.