Бишкек мэри Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имараты боюнча: «Уялып жатабыз»

«Бишкекте туристтер, коноктор бар. Биз уялып, ыңгайсызданып жатабыз», — деп билдирди борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин борборундагы өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имараты боюнча.

«12 жылдан бери баннерлерди алмаштырып, жаап турабыз. Андай болбошу керек. 40 сотых жер бар. Бул шаардын борбору», — деди ал.

Абдыкадыровдун айтымында, дизайн боюнча сынак жарыяланган, үч вариант бар, анын ичинде бизнес-борбор жана мейманкана бар. «Үч варианттын ичинен бирин тандайбыз. Эски имарат бузулгандан кийин аукцион жарыялайбыз», — деди мэр.