Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Псковская көчөсүндө уруксат берилбеген объектилерди демонтаждоо иштери башталган жерге барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шаардык кызматтардын атайын техникалары жеринде иштеп, гараждарды демонтаждоо иштери уланууда. Бүгүнкү күндө 59 объект демонтаждалды. Муниципалитеттин башчысы үй ээлери менен түшүндүрүү иштерин улантууну, ошондой эле объекттерди бузууда жарандардын ыңгайлуулугун эске алууну тапшырды.
6-ноябрда муниципалдык аймакты өз ыктыяры менен бошотуу боюнча №22 гараждык кооперативдин төрагасы Сапрыкин Сергейдин атына кат жөнөтүлгөн. Ошондой эле бир жумадан кийин, 12-ноябрда 250 гаражга өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөр илинген. 22-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы кызматкерлеринин ишине гараж ээлери тоскоолдук кылышкан. Уруксат берилбеген объектилердин ээлери бензин төгүп, ошондой эле «Тазалык» ЖКнын жаңы атайын техникасын бузушкан. Гараждарды демонтаждоо учурундагы окуянын алкагында “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Бүгүнкү күндө бул аянт 2028-жылдын 16-февралына чейин Улуттук бокс федерациясына социалдык, маданий жана коомдук объекттери, бокс аянтчасы жана эки деңгээлдүү унаа токтоочу жайы бар көп функционалдуу спорт комплекси үчүн өткөрүп берилген.