Бишкек мэри Көк-Жардагы №172 контурда жайгашкан үйлөр боюнча комментарий берди

Айбек Жунушалиев митингге чыккандар маалыматы жок болгондуктан ушундай кадамга барып жатканын айтты. Ал 10 жыл мурда курулган үйлөр буздурулбай турганын белгиледи. Бул тууралуу Спутник жазды.

“Кеп 2022-жылдан баштап 2025-жылга чейин курулуп кеткен үйлөр тууралуу болуп жатат. Алар жерди сатып алганбыз, биздин жер деп айтып жатышат. Ооба, жер силердики, сатып алгансыңар, бирок анын багытын караш керек да. Ал айыл чарбанын жери болуп жатпайбы. Сатып алдыңбы анда айыл чарба багытында колдон. Өзүм билемдик кылып каалаган жерге үй салам деген болбойт да”, — деди калаа башчысы “Ала-Тоо 24” телеканалына.