Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Биринчи радионун» эфиринде Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбековду коргоду.
“Казыбек Эргешов өзү үч чакырылыштын депутаты. Ал шаар үчүн эмне кылды эле деген суроо жаралат. Азыр жүрүп жаткан ишти сындаса, албетте, айтыла берет. Бирок Мирлан Таалайбеков жетектеп баштаган Муниципалдык инспекция 3 айда көзгө көрүнүктүү иштерди жасады. Мисалы, “Орто-Сай”, “Аламүдүн”, “Ош” базары буга чейин кандай башаламан эле, азыр тартипке келтирилди”, — деди
Кечээ, 7-октябрда Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынында депутат Нурзат Токтосунова Таалайбековдун отчетту жакшы эмес экенин, кыргызча кайра даярданып келүүсүн айткан. Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов да жыйында прокуратурадан Таалайбековдун мэриянын Муниципалдык инспекциясынын башчысы кызматына дайындалышынын мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылган.
Былтыр Мирлан Таалайбеков кайгуул кызматында иштеп жүргөн учурунда Эргешов унаасынын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандыгы үчүн Ысык-Көлгө бараткан жеринен токтотулуп жана ага айып пул салынган.
Быйылкы жылдын башында Милициянын кайгуул кызматы тарабынан Бишкек мэриясынын алдында жол эрежесин бузгандарга айып пул салынган. Нурзат Токтосуновага инспектор коопсуздук куру жок унаа айдоо жол эрежесин бузуу экенин, айып пул салууга протокол толтурулушу керектигин айткан.