Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун кызматтан кетери айтылууда

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кызматтан кетет. Бул тууралуу журналисттерге өзү тастыктаган. 

Маалыматка караганда, ал отставкага кетүү тууралуу арызын 30 -июлда жазган. Ал мындан тышкары, мэрликке талапкерлигин койборун айткан. 

Ал эми мэриянын басма сөз кызматы бул маалыматты четке да каккан жок, ошол эле учурда тастыктай да элек.

Эске салсак, Бактыбек Кудайбергенов бул кызматка 10 -февралда дайындалган. Буга чейин ал Чүй облусун жетектеп келген.