Бишкек мэринин милдетин аткаруучусу Балбак Түлөбаев үч орун басарлуу болду. Биринчи вице-мэрликтен Нариман Түлеев бошотулуп, анын ордуна Алмаз Бакетаев дайындалды. Бакетаев мурдатан эле ушул кызматты аркалап келе жаткан болчу. Социалдык маселелер боюнча вице-мэрликтен Виктория Мозгачева бошотулуп, анын ордуна Айжан Чыныбаева дайындалды. Чыныбаева парламенттик шайлоодо “Бир бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Дагы бир вице-мэр турак-жай коммуналдык чарба маселелери боюнча Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Ал буга чейин шаардык кеңеште депутат болгон.
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат
Кечээ, 20-март күнү Ош шаарындагы «Имам аль Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечитте окулган айт намаз алкагында, жаңыдан курулуучу мечиттин...









