“Фирма менен келишимди үздү”. Мэрия айдоочулары жумушка чыкпай койгон №260 каттамды өзүнө өткөрүп алды

Шаардык мэрия бүгүн айдоочулары линияга чыкпай койгон №260 каттамды өзүнө өткөрүп алды. Бул тууралуу муниципиалитеттин маалымат кызматы билдирди.

“Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти N260 маршруттук каттамды тейлеген «Талкут» ЖЧКсы менен келишимди үздү. Фирманын жетекчиси менен айдоочулардын ортосунда бир нече ирет чыр-чатак чыгып, ал транспорттун линияга чыкпай калышына алып келген. Департаментке айдоочуларга кысым болуп, иштетпей жаткандыгы тууралуу маалымат келип, адистер жерине барышкан. Бирок ал жерде айдоочулар болгон эмес. Ал ортодо департаменттин имаратына 30га жакын айдоочу келип, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Бөлүмдүн директору чыр-чатактын себебин аныктоо үчүн фирманын жетекчиси Майрамбек Жекшеновду чакырды. Тилекке каршы айдоочулар аны менен сүйлөшүүгө баруудан баш тартышты. Ошол себептүү жарандарды тез арада транспорт менен камсыз кылуу максатында аталган компания менен келишимди бузуп, айдоочулар менен болгон бул линияны муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасына өткөрүү чечими кабыл алынды”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Арча-Бешик конушундагы №260 маршруттук каттамдын айдоочулары линияга чыкпай, бир топ жүргүнчү коомдук транспортсуз көчөдө калгандыгы тууралуу маалымат чыккан.