Бишкек мэриясы 2050-жылга башкы пландын концепциясына сунуштар, идеяларды күтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, концепция Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуу үчүн негиз болот.
«Бишкек шаарын жагымдуу жана пландуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында мэрия 2050-жылга чейин архитектура, шаар куруу, шаардын дизайны же ландшафттык архитектура чөйрөсүндө 15 жылдан кем эмес иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактардан, чыгармачыл устаканалардан Бишкек шаарын андан ары шаар курууну өнүктүрүү боюнча концептуалдык идеяларды жана сунуштарды кароого даяр», — деп жазылат маалыматта.
* Советтик шаар куруу моделинен рыноктук мамилелерге өтүү шарттарында аймактарды шаар куруунун заманбап ыкмаларын жана методологияларын эске алуу менен шаар курулушунун концепциялары кабыл алынат.
Башкы планды иштеп чыгуу боюнча болжолдуу иштердин көлөмүн көрсөтүү менен сунуштарды genplan@meria.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз. Кошумча суроолор боюнча: 0312 97 99 42 — Жакыпов Каныбек Манасовичке (Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) кайрылыңыздар.