Бишкек мэриясы 4-оорукана боюнча үн катты

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун негиздөөчүсү Саламаттыкты сактоо министрлиги болуп саналат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин 2004-жылдын 17-мартындагы № 2 келишиминин негизинде Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын базасында мэриянын биргелешкен токтому менен Бишкек мэриясынын алдындагы Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору түзүлгөн. Ошол эле учурда директор болуп Сабырбек Жумабеков дайындалган. «2017-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Документке ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги борбор калаадагы бир катар саламаттыкты сактоо мекемелеринин, анын ичинде жогоруда аталган борбордун жалгыз уюштуруучусу болуп саналат», — деп жазат мэрия.

Документке ылайык, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдары Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өткөрүлдү. Бирок бул келишим толук аткарылган жок, бүгүнкү күндө муниципалитет мыйзамда белгиленген тартипте жогорудагы 2017-жылдагы келишимди аткаруунун үстүндө иштеп жатат.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей коюшту.