Бишкек шаарынын мэриясы «Urban Hub Bishkek» тарабынан берилген 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалымат чындыкка дал келбестигин белгилейт.
«Бишкек шаардык транспорт» ишканасы күн сайын 1250-1300 автобус каттамга чыгарат. Учурда коомдук транспорт кадимки тартипте иштеп жатат. Мындан тышкары, айрым автобустар нөөмөт менен каттамга чыгат. Ошентип, автопарктын пайдалануу коэффициенти 85% түзөт. Ошондой эле бүгүнкү күндө 2025-жылдын ноябрь айында сатылып алынган 95 жаңы автобус боюнча документтерди тариздөө иштери жүргүзүлүүдө. Бардык зарыл процедуралар аяктагандан кийин автобустар каттамга чыгарылат. Бул 95 автобус эксплуатацияга киргизилгенден кийин автопарктын пайдалануу коэффициенти жогорулайт.
Бишкек шаарынын мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтарды жана материалдарды даярдоодо маалыматтын тактыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн маалыматтык саясат бөлүмүнө кайрылууга чакырат.