Бишкек мэриясы 437 мектеп окуучусу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы эс алууну уюштурат (сүрөт)

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы 3-июлдан 17-августка чейин 437 мектеп окуучусу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы эс алууну уюштурат. Биринчи топто 137 бала бар, алар 3-июлдан 12-июлга чейин 137 бала эс алат. 8 жаштан 14 жашка чейинки балдар Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан «Жалын» балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде он күн эс алышат.

Балдардын тизмеси Бишкек мэриясынын муниципалдык администрацияларынан түзүлгөн райондук комиссиялар тарабынан түзүлдү. Жайкы эс алууга мектеп окуучулары, жетим, жарым жетим, майыптыгы барлардын балдары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бара алышат. Жаш бишкектиктердин жайкы эс алуусу бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт.