Бишкек мэриясы 500 миң сомго фитнес-браслеттерди сатып алууну көздөөдө

Бишкек мэриясынын Свердлов райондук администрациясы 500 миң сомго фитнес-браслеттерди сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.

Анда акимиат ар бири 2000 сомдон турган фитнес-браслеттен 250 даана сатып алуу үчүн тендер жарыялаган. Браслет сааты менен, сенсордук экран, суу өткөрбөс, ойготкуч, вибросигнал, калорийди аныктай турган, пульсоксиметр, стресс жана жүрөк согушунун ритмин текшере турган болушу керек деп жазылган. Социалдык тармактын колдонуучулары мындай белектерди администрация 23-февралда эркек кызматкерлерин куттуктоо үчүн сатып алууну пландап жатканын жазышууда.

Ал эми мэриянын басма сөз кызматы бул боюнча эч кандай билдирүү тарата элек.