Бишкек мэриясы: «6-кичирайонундагы стадиондун ордуна курулуп баштаган көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду»

Борбор калаанын 6-кичирайонундагы балдар ойноочу кичи стадиондун ордуна курулуп баштаган көп кабаттуу үйдүн курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын айтымында, жеке курулуш компаниянын аталган жер тилкесиндеги курулуш иши Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги менен макулдашылган.

 “Иш кагаздарына ылайык, 6-кичирайонундагы стадиондун жер тилкеси 2011-жылы 49 жылга ижарага берилген. Курулуш долбоору бардык экспертизадан өтүп, Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги менен макулдашылган. Ага карабастан, биз иштин жагдайлары такталганга чейин курулуш иштерин токтоттурдук. Учурда биз документтерди чогултуп, иштин чоо-жайын дагы да болсо аныктап жатабыз”, — деп билдиришти мэриядан.

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарынын 6-кичирайонунун жашоочулары балдар ойногон кичи стадиондун ордуна көп кабаттуу үй курулуп жаткандыгын айтып, митингге чыгышкан. Анда алар буга чейин стадиондун ордуна көп кабаттуу үй салууга каршы экенин билдиришип, кол тамга топтошсо да ага карабай бүгүн жеке курулуш компаниянын өкүлдөрү жерге экскаваторлор менен келип, тосмо орнотуп курулуш иштерин башташкан.

Бул окуяны SEREP MEDIA маалымат агенттиги Бишкек шаардык мэриясына айтып, кайрылганыбызда, алар кичирайондун жашоочуларынын маселесин угуп, ишти тактай турганын убада кылышкан болчу.