Бишкек мэриясы айрым күндөрү белгилүү номердеги унаалардын кыймылына тыюу салууну сунуштоодо

Бишкек мэриясы борбор калаа менен Ош шаарларындагы жол тыгынын жоюунун жолун дагы бир ирет сунуштады. Учурда бул эски-жаңы демилге соцтармакта нааразы пикирлерди жаратууда.

Анда мамлекеттик номердеги акыркы сандарына карата бөлүп, кезек-кезеги менен айрым күндөрү гана жүрө турган мыйзам долбоору иштелип, коомдук талкууга чыкканын «Спутник» жазды.

Автоунаанын номери 1 жана 2 саны менен аяктаса, анда аларга дүйшөмбү күндөрү жүрүүгө болбойт
3 жана 4 менен аяктагандар — шейшембиде
5 жана 6 — шаршембиде
7 жана 8 — бейшембиде
9 жана 0 — жума күндөрү жүрүүгө болбойт

Графикти бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.

Мындай чектөө саат 07:00дөн 21:00гө чейин киргизилет.