Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев «Орто-Сай» жана «Аламүдүн» базарларынын аймагын иретке келтирүү иштерин улантып, соодагерлер менен жолугушууларды өткөрдү.
Андан кийин Алиев базарлардын аймагында көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бишкек мэриясы «Аламүдүн» базарынын аймагына курулушу күтүлүп жаткан көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын сүрөтүн жарыялады. Маалыматка ылайык, бул курулушка Муса Жалил көчөсүндө орун бөлүнгөн.