Бишкек мэриясы алдамчылардан сак болууну эскертет

Бишкек мэриясы калаа тургундарын алардын атын жамынып, акча сураган алдамчылардан сак болууга чакырат. Шаар башкармалыгынан билдиришкендей, азыркы тапта мэриянын жетекчилеринин атынан шаар тургундарына, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине социалдык тармактар аркылуу ар кандай шылтоо менен (техника сатып алууга, гуманитардык жардам үчүн жана башка) акча которуп берүүнү суранып кайрылган учурлар болууда.

«Бишкек мэриясы мындай жол менен акча чогултпайт. Шаардык кызматтын жетекчилери менен кызматкерлери мыйзам чегинде гана иштейт. Муниципалитеттин бир да кызматкери мындай жеке каттарды жазбайт», — деп айтылат маалыматта.

Кокус ушундай учурга туш болсоңуз, «102» номери аркылуу милицияга же (0312) 61 07 75 номери боюнча мэриянын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.