Бишкек мэриясы Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялады

Бишкек мэриясы 2010-жылы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын бузууга тендер жарыялаганын мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.

Имарат Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Ошондой эле заманбап имараттын долбооруна сынак жарыяланат.

Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылы 7-апрелдеги башаламандыкта өрттөлгөн.