Бишкек мэриясы борбор калаага көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды курууну убадалады

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтоочу жайлар курулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, муниципалитет аларды куруу маселесинин үстүндө иштеп жатат.

«Жакында Толстой көчөсүндө биринчи көп кабаттуу унаа токтоочу жай пайда болот. Дагы үчөөнү Лумумба көчөсүнө (Кудайберген базары), Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине, ошондой эле Псковская жана Сухомлинов көчөлөрүнө курууну пландап жатабыз», — деп белгилешти мэриядан.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын ноябрь айында «Бишкек башкы архитектура» ЖЧКсы көп кабаттуу унаа токтоочу жайларды жайгаштыруу схемасын иштеп чыгып, бекиткен. Биринчи кезекте ушундай 18 объектини куруу каралган. Бирок ушул убакыт аралыгында муниципалитет курган эмес.