Бишкек мэриясы борбордо жылуулукту азырынча өчүрбөйт

Бишкек мэриясы борбор калаада жылуулукту азырынча өчүрбөйт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аба ырайынын бир аз жылыгандыгына байланыштуу мэрияга шаардыктардан жылуулукту токтотуу өтүнүчү менен билдирүүлөр түшүүдө.

«Муниципалитет сырттагы абанын температурасына, аба ырайынын болжолуна көз салып турат, мисалы, өткөн түнү температура минуска түштү. Бекитилген критерийлерге ылайык, керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат. Андыктан жарандардын үйлөрүндө, мектептерде жана бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык объектилерде жылуулукту өчүрүү али эрте», — дешти мэриядан.